www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдык маракесине карата, согуштун катышуучуларына жана оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун белгилөө менен катар жаштардын мекендилчик сезимдерин жогорулатуу максатында, Жалал-Абад шаарынын коменданты милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милициянын полковниги Кылыч Жолдошовдор баш болгон Жалал-Абад шаарынын  комендатурасынын штабынын мүчөлөрү да бул иш чарага активдүү катышып, Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан 5 ардагерден кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ардагерлерибизди куттуктоо үчүн барган жетекчилерибиз атайын алар үчүн даярдалган белектерин, учурдун талабы болгон антисептикалык каржаттарды жана акчалай сыйлыктарын тапшырышып, согуш даамын жана дары (порох) жытын сезип калган улуу муундарыбызга ден соолук каалап, өмүр тилешип, дайыма арабызда үлгү болуп жүрө беришин белгилөө менен Улуу жеңиштин 75 жылдык  майрамы менен куттукташты.

Жаштарга үлгү көрсөтүп карантинде үйдөн чыкпай отурган  ардагерлерибиздин бири 95 жаштагы Гаффан Вильданович, куттуктоо үчун барган формачан кызматкерлерди көрүп ордунан тура калып, аскердик дем менен, жылуу маанайда тосуп алды. Ардагер менен маектешүү учурунда Гаффан аксакал көздөрүн жалынга толтуруп, андагы согуштук күндөрдү жана  басып өткөн кандуу жолдорун эстеп айтып берди. Ошону менен катар  жаштарга алгач өздөрүнө сак болууга жана ден соолугуна кам көрүүгө, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасап, элин жерин, жашап жаткан мамлекетин сүйүүгө чакырып, акыл насааттарын айтканга да үлгүрдү. 

Ал эми ардагерлер өз учурунда мамлекет тарабынан аларга көнүл бурулуп, өзгөчө абалдын катаал күндөрүнө карабастан алардан кабар алып, көнүлдөрүн көтөрүп, белектерди берип жаткандыгына абдан кубанышып, көздөрүнө жаш ала алакан жайып, элибизде тынчтык, асманыбыз ачык болуусун жана укук коргоочулардын иштерине ийгилик каалоо менен ак баталарын беришти.

Жалал-Абад областы боюнча бүгүнкү күнгө – 31 ардагер бар болсо, алардын ичинен 5 ардагер Жалал-Абад шаарынын аймагында жашап келишет.

Булак: NazarNews.org
 

Последние новости