www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерин сабаган деген шек менен кармалган жигит үй камагында. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-август күнү түштөн кийин Жаш Гвардия бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон. Болжол менен саат 14:00дөр чамасында Казакстандын жараны К.А. милиция кызматкеринин талаптарына баш ийбей, анын денесине негизсиз залал келтирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкери А.А. Улуттук госпиталга кайрылып, ага мурун сөөктөрүнүн жабык сынганы, бетинин оң тарабындагы көгала жана параорбиталдык гематомалар, жабык баш мээ жаракаты, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 2003-жылы туулган К.А., Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ленин райондук соту шектүүгө карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.
Мындан тышкары, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кылмышка шектүүнүн апасы К.А арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 14:00 чамасында Жаш Гвардия бульвары тараптан уулунун денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.
Милиция кызматкери А.А. жана шектүү К.А. тиешелүү экспертиза дайындалды.
18-августта кылмыш иши көзөмөл тартибинде экспертиза жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg