www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин Индонезиядагы G20 саммитине катышса, анда бул эки өлкө тең Батыштын үстөмдүгүнө баш ийбей, дүйнөдө өздөрүнүн канчалык маанилүү экенин далилдеп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу кытайлык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Макалада Москва, Пекин жана Батыштын ортосундагы тирешүү "Чоң жыйырмалыктын" жыйынына көлөкө түшүрүп, башка өлкөлөргө бир топ кесепетин тийгизери айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Видодо тирешип жаткан тараптарга диалог аянтчасын түзүп берип, тынчтык жана туруктуулукту орнотууга кызыкдар экенин айткан. Ошондой эле ал бул нерсени чөлкөмдө Индонезия гана эмес, бүтүндөй Азия өлкөлөрү каалап жатканын кошумчалаган.

"Эгерде Си Цзиньпин Балиге барса, бул анын пандемия башталгандан берки чет өлкөгө жасалган биринчи сапары болот. Демек, ал пандемияга чейинки деңгээлдеги байланышты (бүтүндөй дүйнө менен) тереңдетүү жана жаңылоону каалап жатат. Ошол эле маалда орус лидеринин саммитке келүү чечими дагы символикалуу. Бул курчоодо калган Орусиянын дагы эле дүйнөдө негизги ролду ойноп жатканын көрсөтүү аракети”, — деп айтылат макалада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости