www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы жарандарды үйүнөн чыгарууга байланыштуу окуя боюнча Ленин районунун милициясы маалымат берди.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз курулган турак жайды бузуу тууралуу Ленин райондук сотунун күчүнө кирген чечиминин негизинде аткаруу өндүрүшү келип түшкөн.

Милиция сот чечимдерин, анын ичинде үйдөн чыгаруу жана объектилерди бузуу иштерин сот аткаруучулар өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана ишке ашырарын белгиледи.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери үйдөн чыгаруу иштерине катышпайт жана бул маселе боюнча процессуалдык чечим кабыл алышпайт. Милиция аткаруу иш-чаралары учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн гана тартылды.

Бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлдү», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 21-апрелде сот аткаруучулар айыл чарба багытындагы жерлерге салынып калган деген төрт үйдүн жашоочуларын чыгарууга аракет кылышкан. Тургундардын бири өз өмүрүнө кол салганы да айтылган.

Последние новости