www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-июлда жүздөй “Альфа” кызматкерлери “Дөөнү” издешип, үйүн, сарайын тинтип, эч нерсе таппай келишет. Жаалданып алышканы кабарланды. Мындай көрүнүштөн соң, катуу буйрук алышканы байкалууда. Сокенин режимин эске салсак, Кой-Таш окуясында “альфачылар” Алмазбек Атамбаевди да кармай алышпай, колго түшүп калышкан.
Ур-тепкиге алынышып, бирөөсүнө жаңылыш ок тийгени белгилүү. Экс-президентти колго түшүрө албай коюшканда, акыры Курсан Асанов сүйлөшүү жолу менен алып чыккан. Кызыгы, булар милиция кызматкерлерин кармоого, камакка алууга кыйын. Парага айыптоо менен эле кылтакка иле беришет. Байма-бай десең. Жогорку окуялардан кийин кызык кептерди угуп атабыз.
Эми милиция кызматкерлерине “Альфа” тарабынан коркунучтар жаралса, “Дөөгө” окшоп качып кетишерин каңкуулап жатышыптыр. Ошондо кандай? Майнапсыз эле кубалашып жүрө беришеби? Балким курч сюжеттүү комедия аралашкан кинонун сценарийине идея беришет, ким билет? Бали!
Булак: Азия News гезити