www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңешке оор басырыктуу, алкомагнат, миллионер эмес миллиардер, кыргызга коронавирус кулачын жайып кирип келгенде Нарын жергесин спирти менен баса, антиспетик менен камсыздаган Шаршенбек Абдыкеримов таазим кылып Жогорку Кеңешке кирип келди. Миллиардер Шаршенбек мырзаны көргөндө кесиптештери кубанганынан көздөрүнө жаш алып, кулачын жайып, жылмайып тосуп алып, анын төрдөн туруп айткан антын угушту.

Ошентип, бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин төрүнөн орун алды. Шаршенбек мырза жалпыга маалым болгондой кыска убакыттын аралыгында 2010-жылы “Кыргызстан” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири жана бай-манаптардын алдыңкы катмарында турат, “АЮ холдинг” компаниясынын ээси, Улуттук олимпиада комитетинин жана Күрөш федерациясынын башчысы.

Эске сала кетсек, 13-майда “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмаз Эргешов менен Жаныбек Исаев мандаттарын алдыдагы шайлоого даярдануу үчүн тапшырган. Алардын ордуна Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алышты.

Эске сала кетсек, 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Булак: NazarNews.org

Последние новости