www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев "Конституциялык майзамды өзгөртүү" тууралуу мыйзамды демилгелеп чыккан Канат Керезбековду: "Уят регламентти одоно бузгансыз. Биринчиден отурум өткөзүп, андан кийин комитет карап чыгат. Сиз, түз эле алып келе бергенсиз. Эч кимдин жана инстаторлордун да макулдугун уккан эмессиз. Интелегент жана академиктердин бетине кара көө жаап жатасыз", - деп айтып өттү.

Ал эми ага депутат Канат Керезбеков төмөнкүчө жооп берди: 

"Бул мыйзамды жалгыз мен эле демилгелеп чыккан жокмун. Жалпы 22 демилгечи бар. Сиз мени уят кылганга укугуңуз жок. Биз бардыгын тактап, карап чыкканбыз. Эч кандай эч нерсени оодоно кетирип бузгон жокпуз. Ушул күндөрдө жаман сөз айткан туура эмес, өзүмдү араң карманып жатам", - деди Керезбеков.

Ага кошумча, Алтынбек Сулайманов: "Регламент бүгүн эле бузулуп жаткан жок. Биз, дайыма эле бузуп келебиз. Бүгүн талаша турган кун эмес, үч окууда тез карап чыгалы", - деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.org

 

 

Последние новости