www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Өмүрбек Бакиров "2017-жылы парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайызга жогорулатып жатканда кыйкырбайт белеңер" деп эл өкүлдөрүнө кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин биримин. Коомчулук каалаган үчүн ушул мыйзам долбоорун алып чыгып жатабыз. Бул жерде популист болуп кыйкырбагыла. 2017-жылы 9 пайыздык босоголук чекти кабыл алынып жатканда, 5 пайыз деп кыйкырбайт белеңер. Мыйзамдардын бардыгы, регламент сакталган. Жумурткадан кыр издебеш керек", - деди ал.

Жыйында депутат Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев мыйзам долбоорун кароодо регламент бузулуп жатканын айтып чыгышкан.
Булак: NazarNews.org

Последние новости