www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абаддагы “Коттон Оушен» компаниясынын өкүлү айыл чарба министри Чодуев Эркинбекти 1 000 000 долларга алдамчылык кылып кеткени үчүн күнөөлөйт.
Ибрагимова Замира айыл чарба министри Чодуев Эркинбек миллион долларды өзүнө ыйгарып алганын күнөөлөп жазып чыкты.
Анын айтуусунда бул атка минер пахта даярдайбыз деген компаниянын акчасына ээлик кылып капчыгына салып алган. Министр Чодуев кылмыш иштери боюнча күнөөлөнүп Ош шаарынын ШИИБинин тергөөчүлөр органында иши каралып жатканы менен, негизи жок мыйзамсыз иши жабылып жатканын Ибрагимова Замира бекемдеп кетет.
Ишкер айым коомчулукка жана Кыргызстандын президентине жазган Кайрылуусун бизге жөнөттү. Бул кат менен тааныша кетиңиздер:
«Урматтуу коомчулуктун жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттин органдардын жетекчилери, Кыргызстандын президенти мырза. Мен азыркы айыл чарба министри Чодуев Эркинбектин кезектеги алдамчылыгына курмандыкка чалынып турганым тууралуу маалыматты коомчулукка жетишин каалайм.
Чодуевдин айланасында болуп жаткан финансылык кылмыштуулук Кылмыш-Жаза иштери боюнча себеби жок маани берилбей турган кырдаал, мени кайрадан бул маселеге кайрылуума түрткү болду. Мен расмий жарыя кылам, 2007-жылдын августунда «Коттон Оушен» компаниясынын директору катары ал кездеги «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКсынын аткаруу директору Чодуев Эркинбекке пахта даярдоо максатында 1 500 000 млн доллар накта акча бергем. Чодуев келишимдеги пахта даярдоо боюнча милдеттенмелердин негизинде, тиешелүү көлөмдөгү чийки заттарын берүү милдетин аткармак. «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКсына акча бергенибизди бекемдеген финансылык документтер бардыгы колубузда турат. Убакыт өткөрүп Чодуев милдеттенмесин аткармак түгүл бизден качып, жашырынып калды. Келишимдеги милдеттенмелер аткарылган жок, бизге акчаны эч ким кайтарган жок.
Ошондон соң коопсуздук органдарына арыз менен кайрылып, Чодуевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Барынан кызыгы 8 жыл өтсө да тергөө иштери бир орунда тоңуп калды. Биздин койгон бир нече кайрылуубуздун негизинде бул иш ИИМдин Мамлекеттик Тергөө Башкармалыгына (ГСУ) өтүп активдүү тергөө иштери жүрө баштады. Бирок бир нече аудитордук текшерүүлөр жүрүп кетирген зыяндар эч ким тарабынан тактала элек.
Урматтуу Президент жана премьер-министр сиздердин кол алдындагы адамдар балким биздин бир нече ирет Сиздердин атыңыздарга жазган кайрылуубузду, сиздерге жеткизбей жаткандыр. Мени таң калтырганы алдамчылык жана афера менен күн көрүп жүргөн адам, башында айыл чарба министринин орун басары, эми болсо министр болуп жүрөт.
Өкмөт –бул биздин мамлекетибиздин жүзү, ал жерде кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарга орун жок. Эгерде Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жарыяланса, анда кандай жүрүп жатканын көрсөтүңүздөрчү? Ушул Кайрылуум менен бирге Чодуев Эркинбек Ураимовичке кылмыш иши козголгонун бекемдеген факт менен таянган документтерди кошо тиркеп жиберем”.
Булак: «NazarNews.kg»