www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдын 25-июлунан 2017-жылдын 25-августуна чейин Геология агенттигин, кийин кайтадан түзүлгөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча Зилалиев жетекчи болуп турганда жалпысынан 1542 лицензия берилген.

Алардын ичинен:

Кенди иштетүүгө — 678;

Чалгындоого — 678;

Кен байлыктарды издөөгө — 183;

Жыйноого — 10 (минералдык, коммерциялык максатта палеонтологиялык коллекция үчүн же декоративдик максатта таш материалдар үчүн).

Тогуз лицензиянын максаты жазылган эмес.

Берилген лицензиялардын 179у алтынга байланыштуу (алтын менен чогуу башка материалдар дагы болушу ыктымал). 90у чалгындоого, 72си издөөгө, 16сы иштетүүгө берилген. Бир лицензия эмне үчүн, кандай иш жүргүзүү үчүн берилгени көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Зилалиев кармалган күндүн эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилген. Ага мыйзамсыз жол менен байыган деп айып тагылган.

Андан сырткары, Зилалиевдин декларацияда көрсөтпөгөн батири, үйү жана жер тилкеси аныкталып чыккан болчу. Былтыр апрелде туугандарынын бирөөнө Бишкектин борборундагы эки кеңсени каттаткан. Сатуу-сатып алуу келишими боюнча алардын баасы 34 жана 19 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары Зилалиевдин үйүн тинтүү учурунда 900 миң доллар накталай акча табылган. Кийин банк ячейкасында да 1 000 000 доллар акча катылганы ачыка чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости