www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миң кубулса деле окшошпойт

Арсыз сынчылар эшектей дарбып кетти десек ошол кишилер деле унчуга албайт. Анткени алардын жоромолдору суу кечпейт. Маселен, Ислам Каримовдун мезгилинде, азыр деле кайсы өзбекстандын тургуну баланча президенттей иш кылбайбы деп капталдан чыга калып өлкө башчысына акыл үйрөтө алат? Андай осол ишти эч кимиси даап жасоого батынбайт. Ошол эле Тажикстандагы бийликте эмнелер гана болбой жатат дейсиң? Келечекте Эмомали Рахмон уулун ажо кылары тууралуу узун сабак кептер кетти. Бирок, бирөө да топ жарып мындай саясат жарабайт деп үн каттыбы? Жок. Казакстанда деле Нуракени майлап, сүттөп мактамайдын үстүндө жашап жаткан кези.

Демократиянын чапанын тескерисинен жамынып алып, каалагандай “ырдагандар” бизде гана болгону ырас. Беш ай бийликке келген ажо Сооронбай Жээнбековго кимдер гана ачык кат жазган жок. Омоктуу пикир, сунушу барлардын деле, ырп эткен нерсеси жогу деле опурулуп падышага кайрылат десең. Ал эми өзүнүн оокатын кылууга бет алгандарга булардын сокур тыйынчалык таасири жоктугун да айта кетели. Тайлакбайлар, Серкебайлар, Дардакбайлар  Мирзиеевдей болуп иштесе бизге сонун болмок Сооронбай деп болбогон кепти чаргытышат. Миң толгонуп аракеттенсе деле  биздин ажо башкаларга окшошо албайт. Анткени кыргыз элинин көз карашы, талабы, менталитети таптакыр өзгөчө. Араң жанын сүйрөп жүргөндөр деле чычайта сындаган кебин төгүп жиберет.  Сөзү “октойлор” толуп кеткен.

Ошондуктан  эркин ойлорубузду айтканыбызга шүгүр дейли. Бирок, кашайтып эле терс багыттагы сындарды айта бербей жакшы башаттарга көкүрөк жылыталы. Жаман эле дей бергенден өсүш, оңолуу, жаңылануу  жаралбайт. Эми гана бийликти мыкчыган президентибиз Сооронбай Жээнбековдун  алгылыктуу демилгелерин жалпылап колдобосок тыңый албайбыз. Башка элдин падышаларына суктангандан майнап чыкпайт. Андан көрө өзүбүздүн  өлкө башчыбыздын акыйкаттуулукта калкына кызмат кылуусуна өбөлгө түзөлү. Кыргыз жери туруктуулуктун, ынтымак-ырашкердиктин,  берекенин  ылайым төрү болсун!   

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости