www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жээнбековго кээ бирде катуу, ага жакпаган сөздөрдү айтам. Менин да кыялым бир топ…
– Сооронбай Шариповичке кээ бирде катуу, ага жакпаган сөздөрдү айтам. Кандай сөз айтсам да кабыл алат, анысына ыраазымын. Менин да кыялым бир топ…. Жаныңда коррупционер болбошу керек деп, аппаратындагылар акты кара деп кагаз алып барып жатса аны да айтышым керек. Муну Кыргызстандын президентине менден башка эч ким айта албайт. Анын тагдыры татаал мезгилге туш келди. Былтыр декабрдагы Кыргызстандын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр кучүнө киргенден кийин, быйылдан баштап, Кыргызстан президенттик-парламенттик системадан, чынын айтканда президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өтүү башталды. Бул президент үчүн чоң сыноо. Анткени мен сыяктуу бийликти бир колдон бир колго эле өткөрүп бербей бир системадан экинчи бир системага ырааттуу өткөрүп бериши керек. Кыргызстанды президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өткөрүүнүн эң акыркы этабы Сооронбай Шариповичтин тагдырына туш келди. Сооронбай Шариповичтин миссиясы – бул мындан аркы 3 жылда, 2021-жылды кошкондо бийликти президенттик системадан парламенттик башкаруу системасына өткөрүп берүү гана. Акыркы жолу жолукканда биз 4,5 сааттан ашык сүйлөштүк. Менин мүнөзүмдү билесиңер. Менин өмүрүмдөгү акыркы 15-20 жыл үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөш менен өттү. Өлкөдө чыныгы демократия орносун деп күрөштүм. Ошол эмгектерим эми текке кетпесин…
Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган!
– Президент Жээнбековдун аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, “Таза коомдун” негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен “бул кандайча болуп кетти?”- десем, ал “аппаратыма өтө ишенип алыпмын” деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет. Кайрадан авторитардык башкарууга келбешибиз керек. Биз ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйыны тууралуу сүйлөштүк. Ал жерде да мен ага аппараты башка даяр жазылган сөздөрдү суна коюп, айттырышканын далилдеген фактыларды келтирдим. “Атамбаев соңку үч жылда коррупция менен күрөшкөн эмес” деген сөздөр да болду. Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган. Жадагалса бүгүнкү, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй уурдап келген схема да былтыр апрелде Атамбаев тарабынан башталган, Сегизбаевге жана ошол кездеги АКСтин жетекчиси Чоткараевге тапшырма берилген. Анан августта биринчи далилдер табылган, бүгүн болсо аларга айыптар тагылды. Бул схеманын артынан эле бажыдан 10 миллиард акча желгендиги боюнча схеманы таптык. Өткөн жылы мен Сапар Исаковдон “Райым-миллионду” аталган тармактан бошотууну сурангам. Ал 23-ноябрда аны кызматынан бошотту. Сапар Исаков анын парламенттеги жана прессадагы тарапташтарынын отуна түштү. Эгер сен коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу кыйкырсаң, анда жакындарыцдын, досторуңдун арасында “Райым-миллиондор” болбошу керек…
ТЭЦке тендерди Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн, Сапардын тийешеси жок!
– Премьер-министр Сапар Исаков өз ишин аткарып жатат. Мен буга чейин унчукпай келгем, Сапарга да айткам “Сооронбай Жээнбеков сенден улуу адам катары сени бардык маселелер боюнча айыптай баштайт, сен унчукпай эле чыдап кой” деп. Эми азыр чындыкты айтууга мезгил жетти. Бишкек шаарын күзгү-кышкы сезонго даярдоогу кемчилдиктер жана ТЭЦтеги авария боюнча кыйкырышканда аларга айткан киши жок… Сапар Исаков премьер-министрдин кызматына 2017-жылдын 28-августунда гана олтурбадыбы. Кайсы гана мамлекет болбосун, анын ичинде биздин өлкөдө да күзгү-кышкы сезонго даярдык сентябрда аяктайт эмеспи. Тендерлер жана башка иш чаралардын баары сентябрга чейин эле бүтөт. 2016-2017-жылдагы тендерлердин баарын Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн. ТЭЦти оңдоого 2016-жылы 280 млн сом, 2017-жылы 230 млн сом чыгымдашкан. Ушул тендерлердин баарын, кышка карата даярдыктын баарын ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун командасы ишке ашырган. Эми болсо “уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” болуп жатышат… Бул элди алаксытыш үчүн, жөн эле көтөрүлгөн ызы-чуу деп айтпадым беле. Анткени ал жерден бир жаңжал чыгып кетсе аны мен тарапка буруп жиберишмек. Угуп койгула, мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен өз мекенимден эч жакка кетпейм. Мен бир гана ТЭЦти оңдоого эле буйрук берип токтоп калган эмесмин, мен Токтогул ГЭСин оңдоого, электр иштеп чыгаруучу станциялардын баарын оңдоого буйрук бергемин. Азыр Токтогул ГЭСин, Ат-Башы ГЭСин оңдоп жатышат, Камбар-Ата-2 ГЭСине эки агрегат коюп жатышат. Анткени ал кезде Датка-Кемин электр өткөрүү линиясы курула элек болучу, кокус бир электр мамысы кулап калса эмне болот эле, Бишкек жарыгы жок калмак. Бишкек жарык менен өзүн-өзү камсыз кылыш керек. Эгер кимдир-бирөөлөр уурдаган болсо жоопко тарткыла, абакка олтургузгула. Бирок, каяктагы бир Зулушев деген неме кыйкырып жатса таң каласын… Анын өзүн соттун ыйык атын булгагандыгы үчүн кызматтан кууп кетиришпеди беле… Анын артында ким туруп, ким башкарып жатканын билип эле турам. Сапар Исаков таза адам. Ал көп жаңылат. Бир нерсени терең ойлонбой тез баштай салат. Буга “Акылду шаар” долбоору мисал. Бирок мен бул да апрель айында ишке аша баштарын билем.
“Өзүнүн айылында даараткана салганга жарабайт, бирок, баарын четинен сындап жүрөт”
– Коопсуздук кеңештин акыркы жыйынында сот реформасы эмнеге жылган жок, эмнени күттү эле деген сөздөрдү реформасын жылдыруу үчүк теп чыгылган эле, кодекстердин сүрүлүп, 2018-2019-жылдан тарта ишке кириши, ар бир соттун кабинетине орнотуп, сот процессии түз эфирге берип туруу иштери ошол Сооронбай Жээнбековдун сунушу боюнча артка жылдыргай жанымда премьер-министр Coopонбай Жээнбековдун үлгүрбөйбүз деп жазылаг кагазы бар. Биз парламентке кайрылыш артка жылдырдык. Сот реформасы ишке ашырган жок деген создергө танкалам. Ошондо Жээнбеков суранбаганда ар бир соттун кабинетине видеокамера кир соттук процесстердин баары ачык дин баары көрүп калмак. Анан да тынчыраак иштегенге акыркы үч жылда эле мүмкүн болду окшойт. Алты жыл эмес 26 жыл отургандар да сот реформасын бүтүрө алба айтыш керек, 6 жылдын ичинде жасалды. Буга карабай эле сындап жатышат. Мен ушундай адамдарга танкалам, мисал келтиргенди жакшы көрбөйм Камчыбек Ташиевдин ушундай аз бирөөсү жөнүндө айткан сөзүн келет, ал: “өзүнүн айылында бнр з салганга жарабайт, бирок, баары сындап жүрөт”,- деп айткан. Бизи мисалдар коп.
Кооз создорду айтып, карапайым элге жагынуу башка кеп…
– Мен Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш тууралуу билдирүүсүнө кубандым, бирок кооз сөздөрдү айтып, карапайым элге жагынуу бул башка кеп: эки лейтенант; сержант келип текшерип, ар кандай жаап коё алат деп айтып жатпайбы бирөөлөр жазып беришкен… Жазы дер Жээнбеков үчүн жаман кызмат көрсөтүп жатышат. Мен Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кецеши стратегиялык чечимдерди даярдаган “акыл-эс борбору” болушу керек, ал жакка кимдерди ишке алганыцды дагы бир жолу карачы” деп айттым. Мен ал жакка милицияда да, армияда да бир дагы күн кызмат кылбаган ыраматылык Темир Жумакадыровду чакыргам. Ал башы иштеген адамдардан, эксперттерден турган топ түзгөн, ага рахмат. Бирок азыр алардын баары кетип калды. Азыркы-лар Салык кызматына, прокуратурага барып кызматкерлер форма кийдиби же кийген жокпу деп текшерип жүрөт. Биз мунун баарын Акаевдин, Бакиевдин тушуняа баштан өткөргөнбүз. Мен мунун баарын Сооронбай Жээнбековго айттым. Азыркылар ага башка стратегияны, ойдон чыгарылган фактыларды суна коюп жатат. Алар мунун баарын жакшы билген адам бар экенин билиши керек. Мен мунун баарын жакшы билем.
Президенттин инисинин депутат болуп парламент отурганы туура эмес!
– Сооронбай Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле мен ага “Асылбек Шарипович мандатын өткөрүп бериши керек” деп айткам. Асылбек Шариповичти сыйлайм, партия үчүн бардык аракетин көрдү. Бирок партийный үзүрүн ал да көрдү. Депутат, спикер болду. Мага ишенип койгула. Асылбек Шариповичтин парламентте отурушу Сооронбай Жээнбековго тескери гана таасирин тийгизет. Президенттин инисинин депутат болуп парламентте отурганы туура эмес. Ал Сооронбай Жээнбековду угабы билбейм. Жээнбековдун парламентте отурганы Сооронбай Шариповичке жакшы көрүнүп жаткандыр, бирок мунун аягы жакшылыкка алып барбайт.
Экинчи меенетке калуумду суранып миңдеген кайрылуулар келген!
– Эгер мен кайсы бир кызматта калууну кааласам, башымдЫ оорутпай эле калмакмын. Экинчи мөөнөткө калуу боюнча бир гана башка өлкөнүн президенттери эмес, жарандардан да мицдеген кайрылуулар келген. Эгерде менин ошондой каалоом болсо, президенттикте калмакмын. Мен саясатка кайсы бир орун үчүн келген жокмун. Бизге стабилдүүлүк керек.
Эдичка Байсалов калп айтууга канул калган!
Экс-президент активист Эдиль Байсаловдун Атамбаев менен С.Жээнбековдун акыркы жолугушууда жакалашып кеткендиги тууралуу жазгандыгы боюнча да комментарий берди:
– Эдичка Байсалов калп айтууга көнүп калган. Анын жазгандарын окуудан жийиркенем. Мындайды базарда дагы айтышпайт. Бизде кандай гана мамиле болбосун, биз доспуз, ал мамлекет башчы, аны сыйлоо керек. Мен керектүү деп эсептегендеримди айтам. Бирок мен адам менен мушташпайм. Мындай ушактар бар экенине таң калдым.
РЕДАКЦИЯДАН:
Маалымат жыйыны орус тилинде өткөндуктөн, аны которгон “Kyrgyztoday.Kg” жана “Каганат” сайтындагы кесиптештерге ыраазычылык билдиребиз…
Булак: "Майдан"