www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көптөн берки арманымды ушул гезит аркылуу бийликтегилерге жеткирүүнү ылайык көрдүм. Анткени бул гезитте дайыма адам тагдырын чагылдырган макалалар арбын жарыяланат. Эмесе, сөздү чаргытпай ток этер жерин айтайын. 2007-жылдан бери “Бугу Эне Багыш” конушунда күн кечирип келатабыз. Конуш деген аты эле болбосо мунун заты өзүнө бап келбейт. Кудум кечээ күнү “бомба” түшүп кыйраган кыштакты эле элестетсе болот. Анткени он бир жыл өтсө дагы бир дагы мектеп, мончо, жол салынган жок. Жыргал жашоо тууралуу түш да көрө элекпиз. Жарыгы жок үйлөрдө тиргилигибизди улантып келатабыз. Эптеп жөө-жалаңдап трассага чыгып, шаарга жетебиз. Кайра үйгө ошентип келүүгө мажбурбуз. Бизге окшогон дагы беш үй-бүлөө бар. Алар деле башынан кыйынчылыктарды өткөрүшүүдө. Антпеске аргалары жок десем болот.
А бирок, ушул конуштун эсебинен тайраңдап күндөрүн өткөргөн Сайрагүл Молдоканова деген кыйын аял бар. Ал “менчик” журналисттеринин, колдоочуларынын шыпаасы менен каалаганындай өкүмүн жүргүздү. Анын “кол балдарына” айланган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, акимчиликтин эргулдары Сайрашканын гана айтканын жасап, башкаларга муштумун түйүп үркүтүп турушат. Анын жанында биз бечара кейиптенип экинчи сорттогу адамдарга айландык. Колунда майлуу токочу бар Молдоканованы тигилер дайыма коргоп, сүрөп келишти. Анткени алардын алаканына бирдемкени ыргытып, колуңардан балээ да келбейт дегендей мыркыйып жүрдү. Ошентип мусапырга айланып айлабыз куруду.
Жакындан бери эми жылуулук келчүдөй болуп калганыбыз бекерден эместир? Себеби, жаңы акыйкаттуу президентибиз, өкмөт башчыбыз ишке киришти. Шиши толгондорду эми ушул бийликтин таза башчылары тескеп коебу деген үмүтүбүз жангандыктан ушинтип кейиштүү жашообузду элге жеткирип жаткан убагыбыз. Мурдагы тың чыкмалар эпчилдердин гана сөзүн сүйлөп, аларды канатына корголотуп келишкени калп эмес. Эгерде биздин конушубузга жан киргизип, элдин камын ойлошсо көптөн берки дартыбызды айыктырган болушар эле. Маселен, биздин учетубуз эч жерде катталбаган. Шайлоого бармак түгүл, ооруканага, мектепке, бала бакчага баралбайбыз. Тирүү деген эле жаныбыз болбосо башка укугубуз жок десек көбү таң калса керек? Тилекке каршы ошондой шартта оокатыбызды кылып жатабыз. Бул кызылдай чындык.
Ал эми жолдошум Мелис Какиевдин таржымалы мындай. 2008-жылы август айында учак кулаганда ошол кырсыктан өрттөнгөн учакты өчүрүү маалында жаракат алган. Ошол убактан бери жанын араң сүйрөп, жабыркап келет. Майыптыктан алган жөлөк пулу бир кап ундан бираз ашат. Күндөн-күнгө акыбалы оорлошуп баратат. Бир жагынан шарты жок жерде жашоонун себеби экенин да жашырбай айта кетейин. Өрт өчүрүүчү болуп “Жаңы -Жер” айылында иштеген жолдошумдун көзү да көрбөй калды. Айтор, бизден кабар алган чиновник болгон эместигин неге жашырмак элем? Барбаган, түртпөгөн чоңдордун эшиги калбады. Аттиң, андан оң майнап чыкпады.
Жаңы бийликтин жели эми бетибизден сылап, татаал маселебизди чечип береби, кеп ошондо. Эсепте жок калган өлкөнүн жарандарынан кабар алып койор күндү дагы канчага чейин күтөрүбүздү ачык айтууга болбойт. Сайрагүлгө окшогон шылуундардын эсебин таап, керек болсо кустуруп таштоого бийликтин дарамети жетер бекен? Жок дегенде ушул ирет жасаган кайрылуубузду тиешелүү башчылар угаттыр деген ниетибиз бар. Зор ишенимибиз орундалып калса жети токоч бышырып, түлөө өткөрүп жакшылыктан күдөр үзбөй калат элек.
Булак: "Ачык сөз"