www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө боюнча кампаниянын жүрүшүнө жоопкерчиликтүү адистер менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында 6-декабрда жарыяланган вакцинация боюнча сертификаттарды сатууга байланышкан журналисттик иликтөө талкууланган. Министр комиссия түзүүнү жана кыска убакытта материалда айтылган фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. Күнөөлүүлөрдү иштен алууга чейин барып, материалдар укук коргоо органдарына берилери убадаланды.
Буга кошо Бейшеналиев эмдөө өнөктүгү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жоопкерчилик аларын, иштин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү керектигин айткан. Ал журналисттердин иликтөөсүндө айтылган фактылар элдин эмдөө кампаниясына болгон ишенимин кетирип жатканын, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин белгилеген.
Ошондой эле, ал президент жана министрлик элге вакцина жеткиликтүү болушу үчүн чоң иштерди жасап жатканын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg