www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда экспорт жагынан туризмден кийинки кирешени билим берүү тармагы берип жатат. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 82 миң чет элдик студент окуйт. Алардын жарымы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу жакынкы чет өлкөлөрдөн келсе, калганы Индия, Пакистан ж.б. алыскы чет мамлекеттердин жарандары.

Студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык окуу жайларда билим алышат.

Министрдин айтымында, алардын билим алууга төлөгөн келишим акчасынан мамлекеттик бюджетке 6 миллиондон ашуун доллар түшөт.

"Андан тышкары визага төлөшөт. Бул жерде батирлерде жашап, тамактанат. Акчасын бизде калтырып жатышат. Бул өлкөнүн экономикасына кошулган салым, ошондуктан, аларды жаман көрбөшүбүз керек", - деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттердин окуу акысын кеминде 3 миң долларга чейин көтөрүү сунушу өкмөткө берилгенин кошумчалады.

Кыргызстанда ушу тапта 20 миңден ашуун чет элдик студент окуйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости