www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун кызмат ордун сактап калышы коомчулукта ар түрдүү суроолорду жаратууда. Айрымдар анын иштен алынбай жатышын таң калуу менен кабыл алышууда.
Саясий чөйрөдө Досмамбетов Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү кадрларынын бири катары айтылып келет. Ал министр болуп дайындалганга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеген.
Маалыматтарга караганда, Камчыбек Ташиев Германияга дарыланууга кеткен учурда кызматтан бошотулган. Ошол эле маалда Досмамбетов президенттин уруксаты жок Россияга чыгып кеткен деген сөздөр айтылган. Анын жеке сапары кимдер менен байланыштуу болгону да талкуу жараткан. Айрым булактарда ал Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси Клара Самат, экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов жана мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров баштаган топ менен бирге болгондугу айтылат.
Бул сапардын максаты эмне болгон? Расмий түшүндүрмө берилбегендиктен, коомчулукта ар кандай божомолдор айтылууда. Сапардын чоо-жайы азырынча ачыкка чыга элек.
Айрым байкоочулар Досмамбетов кадрдык өзгөрүүлөрдө кызматтан кетиши мүмкүн дегендердин сап башында турганын белгилешет. Ага карабастан, азырынча кызмат ордунда.