www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр:

Бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы карыз 136 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

"Эң биринчи карыз Кытайдын Экспорт-импорттук банкына (Эксимбанк), ал “Датка” жана “Кемин” көмөкчордондору үчүн алынган. Экинчиси, Токтогул ГЭСинин агрегатындагы реконструкциялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынан алган насыя жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо. Булардын ичинен “Датка” жана “Кемин” чордондору ишке берилип, ошондой эле Бишкек ЖЭБи Кара-Кеченин көмүрү менен иштөөдө", - дейт ал.

Министр мындан сырткары, акылдуу эсептегичтер үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан алынган насыялар бар экенин айтат.

"Алынган насыялардын баары энергосистемага жакшы жыйынтык берип жатат", - деди Ибраев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости