www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы автобус каттамдарын текшерди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, автобустардын техникалык жактан даярдыгына, дөңгөлөктөрдүн алмаштыруусуна жана салондун ичиндеги санитардык абалына өзгөчө көңүл бурулган.
Алсак, «Экопассенжер транспорт» ЖЧКсына тиешелүү 113 автобустун техникалык абалы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында алардын сегизи Бишкек шаардык Патрулдук кызмат тарабынан «канааттандырарлык эмес техникалык абалга байланыштуу» убактылуу линиядан чыгарылды. Эске салсак, СамАвто автобустары коңшу Өзбекстандан алынып келинген.
Маалым болгондой, биринчи этапта кичи автобустардын каттамдары текшерилген. Ташуучулардын жана айдоочулардын абийирсиз жетекчилерине карата алар тартиптик чараларды көрүүгө убадалашты.ө
Булак: NazarNews.kg