www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Баткен облусунда абадан коргонуу системасын иштеткен аскерлердин маянасы көтөрүлбөй калганын билдирди.
Анын айтымында, Коргоо министрлигинин бир эле абадан коргонуу бөлүгү Баткенде жайгашкан.
"Тажикстан кол салганда адамгерчилигинен эмес, абадан коргонуу системасынан коркконунан авиациясын киргизген жок. Ошол жерде иштеп жаткандар кетебиз деп жатыптыр. Себеби Баткендин өзгөчө статусу боюнча бүт баарынын айлыгын көтөргөн, бир гана ушул бөлүктүн аскерлеринин маянасы жогорулабаптыр. Муну эл суранып жатат, аскерлер берген антына жараша унчукпай иштеп жатат. Бирок эл тынчсызданууда. Алар кетип калбасын. Себеби абадан коргонуу системасынын өзү эмес, ал куралдарды колдонгонду билген адистер баалуу", — деди Айжигитов.
Булак: NazarNews.kg