www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) Кыргызстанга электр энергетикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн 50 миллион доллар бөлүүдө.

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимди ратификациялоо маселеси каралып жаткан жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев: 25 миллион доллар грант түрүндө, 25 миллион доллар - 38 жылдык насыя экенин билдирди. Ал эми жеңилдетилген мезгил - 6 жыл, кредиттик каражаттарды пайдалануу үчүн - жылына 0,75%, резервдик үчүн максималдуу комиссия - жылына 0,5% түзөөрүн баса белгилеп өттү.

"Брондоо боюнча комиссиянын өлчөмү жыл сайын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Аткаруучу директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. Акыркы жылдары Кыргызстан үчүн бул комиссия нөлгө барабар болчу", - деп белгиледи бөлүм башчы.

Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттар төмөнкүлөргө пландаштырылууда:

- 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана модернизациялоо, 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчордондорду куруу жана реконструкциялоо (10 млн. доллар);

- электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ASKUE) (ред. акылдуу эсептегич) жана SCADA системасын (көзөмөлдөөчү контролдоо жана маалыматтарды чогултуу) киргизүү (35 млн. доллар);

- социалдык жардам алган үй чарбаларынын бирдиктүү маалымат базасын түзүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (3 млн. доллар);

- энергетика тармагын реформалоо (2 млн доллар).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости