www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоок туурунда какылыктайт деген таамай айтылган макал бар. Кудум Энергетика министри Таалайбек Ибраевге окшогондорго айтылгандай таасир калтырат. Дегенибиз, быйыл кургачыл болуп суу тартыштыгы жаралып, Токтогул суу сактагычына суу аз топтолуп жатканы белгилүү болгон соң, элге тээ жайдын саратанында эле кышта электр энергиясы тартыш боло турганын маалымдап, азыртадан даярдык көрүүгө чакыруу зарыл болчу. Жок, баары жакшы болот, кыйратабыз, чечебиз, көйгөй болбойт деп куру упчу эмизе берип, качан күн сууктап, кыш кирип келгенде, ар түрдүү шылтоо менен электр жарыгын өчүрүп, электр тартыш үнөмдөгүлө деп оозун куу чөп менен аарчып отуруп калуу, бийликти коомго жек көрсөтүүгө болгон кыянаттык.
Мындай жорук, элдин көзүнө чаң чачып, өлкө жетекчилигинин саясатына атайын саботаж жасаган катары сыпатталбаса, башкача түшүнүү мүмкүн эмес. Деги эле биздин жетекчи, министрлердин көбүндө качан гана эл нааразы болмоюн, анан президент кийлигишип “сөгүш берип, тилдеп” камчыламайын, өз алдынча демилге көтөрүп, алдын-ала чараларды көрүү жок. Сөзсүз өлкө башчысы кийлигишиш керек. Ансыз кыймылдашпайт.
Мына быйыл суук эрте түшө турганы азыртадан байкалып калды. Энергетика министри Ибраев кышта электр энергиясы тартыш болот деп саймедиреп, “буту күйгөн тооктой” эми араң Газпром менен газ жеткирүүнү сүйлөшүп жүрөт. Айланайын, буга дейре эшек такалап жүрдүңбү деген жан жок!
Бүгүнкү кырдаал – эртеңки кризистин башаты. Министрлер ушундай шалаакылык менен өлкөнү башкарып жатса, анан кантип алдыга жылуу болот? Мына суук түшө электе эле жарык өчүп баштады. Эл болсо ар жылы кайталанган бул “кинону” көрө берип тажады. Бир гана Ибраевдин “мурдан балтка кеспей”, жылда кайталанчу кризисти чечүүнүн жолдору ойлондурбас болду. Болгон аракети тарифти көтөрүү. Шылтоосу “дүйнөдө бизде гана электр энергиясына болгон баа арзан” деген аксак логика. Башка аргумент жок. Кымбат деген өлкөлөрдүн жашоо-шарты, айлык-маянасы кандай экенин айтпайт, энергетикалык ресурстарды кайдан алынып жатканы боюнча мисал келтирбейт. Мындайды “орок оро албаган орок тандайт” же “башын жуубай биттен көрөт” дечү беле?