www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-декабрда Түркмөнстанга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан боюнча Экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана менен жолугушту.

Министр Кыргызстан ЭСКАТОнун региондогу өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалай турганын белгилеп, өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар туруктуу өнүгүү, климат күн тартиби, энергетика, сооданы өнүктүрүү жана транспорттук байланыш маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылы БУУнун Борбордук Азиянын экономикалары үчүн атайын программасындагы (СПЕКА) Кыргыз Республикасынын төрагалыгына өзгөчө көңүл бурулду. Министр Жээнбек Кулубаев төрагалыктын практикалык багытын камсыз кылуу, анын ичинде транспорттук багытты өнүктүрүү жана долбоордук ишмердүүлүктү илгерилетүү үчүн ЭСКАТО менен тыгыз координациялоого даярдыгын белгиледи.

Баарлашуу соңунда тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле аймактык өз ара аракеттенүүнү туруктуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экендигин тастыктады.

 

Последние новости