www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Тоголез Республикасынын Тышкы иштер, кызматташтык, африкалык интеграция жана чет өлкөдөгү тоголездер иштери боюнча министри Роберт Дюссе менен жолугушуусу болуп өттү. Роберт Дюссе Бишкек шаарына Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарына катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тоголез кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Министрлер акыркы жылдары Кыргызстан менен Того ортосундагы байланыштар жанданып жатканын белгилешип, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан менен Того ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Последние новости