www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун курулушу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйынга долбоорду ишке ашырууга тартылган подрядчы уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө подрядчы уюмдарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо тапшырмасы берилди.
Министр жол курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышын камсыздоону тапшырып, тиешелүү бир катар тапшырмаларды берди.
Коюлган милдетке ылайык, жалпы узундугу 141 чакырымды түзгөн Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун толук реконструкциясы бекитилген графикке ылайык бүткөрүлүшү керек.
Министр курулуш иштеринин темпин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Инфраструктуралык долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда.