www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аппараттык жыйыны өтүп, жол курулуш иштеринин жүрүшү каралды.

Айрым аймактарда иштердин кечигип жатканы белгиленип, “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” ишканаларына жана Жол чарба департаментине заводдордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, битум жеткирүүнү туура пландоо тапшырылды.

Ошондой эле, Президенттин Ош облусундагы тапшырмаларын жана Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн жол маселелерин ыкчам аткаруу белгиленди.

Өзгөчө көңүл Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу жана Барскоон – Бедел унаа жолу боюнча иштерге бурулуп, курулуштарды тездетүү жана сапатын камсыздоо талап кылынды.

Тоннель курууда жергиликтүү адистерди тартуу маселеси да көтөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында Кырчын жайлоосуна, Корумду – Балбай Баатыр жана айланма жолдордун курулушун эртелетүү зарылдыгы белгиленди.

 

Последние новости