www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Тажикстандын Лахш (мурунку Жерге-Тал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган кыргызстандыктардын документтерин күтүүсүз текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин Москва шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынында жолуккан.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушууларын улантуунун зарылдыгына басым жасалган. Делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакында Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылууда.
Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны мыйзамдуу каттоонун аякташы бардык чөйрөдө оң таасирин тийгизет пикирде.
Министр Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жерге-Тал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген.
«Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарап мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Аны менен катар эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 17-отурумун жакын арада өткөрүүгө макулдашышты.
Булак: NazarNews.kg