www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттик шайлоого кетти. Бул кадр уникалдуу (кийин кайра министр кылып гана кайтарсак болот). Отуз жылдан ашык тажрыйбасы менен депутат болуп келсе, элибиздин келечегине кыйла азык эмеспи.

Бирок, эң өкүнүчтүүсү, ИИМдин 1-орун басарлыгына татыктуу жетекчи келбей, бир белгисиз борпон мүнөздүү отуруп калганы өздүк курамга жаккан жок. Баарынын көңүлдөрү чөгүп, шаабайлары сууп калганын байкадык.

Башынан эле Сүйүн мырзанын ордуна полковник Жеңиш Жоробековду сунуштап, тазалыгы, профессионалдуулугу үчүн күйүп жүргөн. Милициянын иши илгерилөө үчүн дасыккан кадрды көтөргүсү келген.

Тилекке каршы, министр Улан Ниязбеков катачылык кетирип, балким бузукулардын сөзүнө кирдиби, айтор, Өмүрзаков менен Жоробековдун көңүлүн оорутуп, алар менен эсептешпей, ошол эле кезде ИИМди аксатып салды.

Булак: Азия News гезити

Последние новости