www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков министрлер кабинетинин төрагасы менен мүчөлөрү аянтка чыгып, дарга байланган жиптин алдында ант берүүсүн сунуштады. Эл өкүлү министрлер анттын ыйыктыгынан коркпой калгандыктан ушундай кадамга баруу керек деп эсептейт.

“Буюрса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен баштайсыздар. Ант берүү – касам ичүү, эр жигиттин башын сайганы деп түшүнөм. Биз 30 премьер-министр, жүздөгөн министрлердин касам ичип келгенин көрдүк, бирөөнүн дагы башы калган жок ушул жерде.

Аз жегенин аш болсун деп, көп жегенин бир аз “кустуруп” жөнөттүк. Анттын ыйык экенин сезбесеңиздер, анда эмнеге ант бересиңер? Андай болсо аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү? Акылбек Үсөнбекович, артыңызда канча адам калганын ошондо көрөт элек”, - деп кайрылды Садиков.

Булак: Азия News гезити

Последние новости