www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден деиз портторун күнү-түнү иштөөгө чакырды

АКШ президенти Джо Байден америкалык компанияларды товарларды ташуу иштерин жеңилдетүүгө жардам берүүгө чакырды. Президент 13-октябрда билдиргенине караганда, Калифорниядагы 2 ири порт кемелерди күтүп жаткан контейнерлерге орун бошотуу үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Порттордон тышкары бир нече чоң соода компаниялары 24 саат иштөөгө киришмекчи.

Пандемиядан улам товарларды кардарларга жеткирүүдөгү, логистикадагы кыйынчылыктар экономиканы калыбына келтирүүгө чоң тоскоолдук түзүүдө. Бул маселе Эл аралык валюта фондунун, "Чоң Жыйырманын", "Чоң Жетинин" жыйындарында талкууланды.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, кардарларга жеткирилчү жүктөрдүн 8,5% порттордон чыга албай турат. Экономиканын жанданышы суроо-талапты көбөйттү.

Апта башында Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн прогнозун 5,9% кылып төмөндөткөн.

Докладда пандемияга байланыштуу Азиядагы өнөр жай хабдарында товарлар менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганы, вакциналардын кедей жана бай мамлекеттер ортосунда адилет эмес бөлүштүрүлүшү белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости