www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров министрлерге мүмкүн болушунча тезирээк ишке киришүүлөрүн өтүнүп, алдыда келаткан кыш тууралуу эскертти.

«Силер жетекчи катары өлкөнү кыйын кырдаалдан чыгарууга милдеттүүсүңөр. Талап кылуу өтө катаал болот. Жарандардын кайрылуулары жоопсуз калууга тийиш эмес. Силер элдин жашоосун жон териңер менен сезип тургула.

Аймактардагы көйгөйлөрдүн ар бирин беш колдой билишиңер керек. Парламент жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуп иштегиле. Отуруп алып статистика чогултуп, тапшырма бергендин кереги жок. Андайларды дароо кызматтан алабыз», - деди ал.

Өлкө башчы өкмөттүн бул курамы туруктуу жана узак убакытка иштээринен үмүтү чоң экендигин билдирди.

«Мен бир жыл мурун өзүмө милдеттенме алгам. Андан баш тартпайм. Сындай турган убакыт келди. Иштегенге бардык шарттар түзүлүп бүттү», - деп кошумчалады Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости