www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2021: Ошондо момундай болду…

Жаңы парламентте бир мандаттуу округдар үчүн ыроолонгон 36 орун үчүн жалпысынан 381 талапкер катталды. Катоо бүгүн соңуна чыкты. Депутат болчумун дегендердин 350сү эркектер, 31и аялдар.

Жеке округ боюнча алганда талапкери көп Кадамжай шайлоо округу болду. Бул жерде бир мандатты 19 талапкер талашат. Ал эми эң аз талапкерлер Ноокат жана Өзгөн шайлоо округдарында. Аталган округдарда 4төн талапкер катталды. Жалпы областар боюнча алсак төмөндөгүдөй: Талапкерлер көп чыккан аймак болуп Чүй областы чыкты, 6 шайлоо округунан 73 талапкер катталып. Андан кийинкилер мындайча кетти: Баткен областына каралган 3 мандат үчүн 40 талапкер, Ош облусундагы 9 шайлоо округуна 71 талапкер, Жалал-Абад облусундагы 7 шайлоо округунда 63 талапкер, Ысык-Көл облусуна берилген 3 мандатка 48 талапкер, Нарын облусуна ыроолонгон 2 мандат үчүн 31 талапкер, Талас облусна берилген 2 мандат үчүн 17 талапкер, ал эми Бишкек шаарына бөлүнгөн 4 мандат үчүн 38 талапкер талпынып чыгышты.

Кошумчалай кетчү нерсе: Баткенде 40 талапкердин 3өөсү аялдар, Ош областы боюнча 71 талапкердин да үчөөсү гана аялдар. Жалал-Абадда деле ошол, 63 талапкерден 3 аял. Чүй облусунда дагы 73 талапкердин ичинен 3 аял талапкер. Бишкек шаарындагы 4 округдагы 38 талапкердин 4өөсү аялзатынан. Эң көп делгени Ысык-Көл облусунда болду. Ал жердеги 3 округдан 10 аял талапкер болуп катталды.

Талас облусунда болсо бир да аял киши катталган жок. Үгүт-насаат иштери 28-октябрда старт алат. Парламентке болгон 90 орундук шайлоо 28-ноябрь, жекшемби күнү өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости