www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи президентибиз «талапкерлердин акчаларын ала бергиле, каалаганыңарга сала бергиле» деп айтып, элди бузуп алган», - деди бүгүн, 24-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.

- Нарынбек агай, шайлоого аттанган бир топ партиялар шайлоонун таза өтөөрүнө ишенишет экен. Бул сапар шайлоо президент айткандай таза, мыйзам бузууларсыз өтөбү?

- Шайлоого аттанган партиялардын ичинде күчтүүсү да, күчү жогу да, каражаты бары да, каражаты жоктору да бар экен. Аны баарыбыз көрүп турабыз. Анча-мынча партиялардын тизмеси жарыяланды.

Тизмеге мыктылар да, элдин кыжырын кайнаткан кишилер да кошулуп алганын көрдүк. Кимисин шайлайт эл өзү билет. Багы бары өтөт.

Бирок, жаманын шайлап алып, парламентке баягылар эле келди десе, эл өзү күнөөлүү болот. Ошон үчүн жакшысын, билимдүүсүн, ички-тышкы саясатты ажырата билгенин, экономикадан түшүнүгү барын, эл үчүн иштей турган жүрөгү таза, иштин көзүн тапкан профессионал, тажрыйбалуусун шайлашы керек. Ошондо гана кесипкөй парламентти түзө алабыз.

Буюрса биринчи жолу шайлоого административдик ресурс колдонулбайт деп айтылып жатат. Жогору жактан буйрук берилбегени үчүн министрлер чуулдап, айылдарына барбай, жетекчилер өздөрүнүн кызматкерлерине буйрук бербей тынч отурушат.

Бул жагын эске алсак, административдик ресурс колдонулбайт дегенге ишенсек болот. Жалпысынан шайлоо таза өтөт же өтпөйт деп айтыш кыйын. Анткени, таза шайлоо өткөрүүгө умтулганыбыз менен шайлоодо талапкерлерден акча үмүт эткен эски калдыктар дагы бар. Кимиси акча берер экен деген кишилер да жок эмес.

Анткени, биринчи президентибиз «талапкерлердин акчаларын ала бергиле, каалаганыңарга сала бергиле» деп айтып, элди бузуп алган. Эми акча алгандар, бергендер бир заматта эле токтоп калбаса керек. 

Бирок, ошентсе да, таза шайлоого биринчи кадамдар ташталды. Буюрса, ушул шайлоо көп нерсени ачыктайт. Жаман адаттардан шайлоо сайын арылсак, кийинки шайлоолор бир топ таза өтөт деп ойлойм. 

Сапаттуу элге таасири бар, акыл эси ордунда, мамлекеттердин, шаарлардын аттарын так айта алган, түндүк менен түштүктүн айырмасын түшүндүрүп бере алган депутаттар келсе, парламент менен элдин ортосундагы ажырым жоюлмак деп ойлойм.

Жаңы келген парламентке алтынчы чакырылыштын депутаттарындай жаман ат коюлбайт эле. Менимче мурунку парламентти эл жакшы көрбөгөнү үчүн жийиркеничтүү ат коюлду.

Мен жаңы келген парламент жогорку деңгээлдеги эл үчүн иштеп берген, түшүнүгү кең, оюу таза парламент болсо экен деп тилек кылып жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости