www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарын Баткен облусунан баштап, "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форумуна катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жапаров форумдун катышуучуларына кайрылып аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу эске салды.

"Баткендин экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Облустун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана Өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген. Чек ара аймагында иштеген ишкерлерге салыктык жеңилдиктер берилет. Ошондой эле мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 миллион сомдон 5 миллионго чейин жогорулатылат. Бул режимдер Баткенге инвестиция тартууга, анын ичинде жергиликтүү ишкерлердин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзөт. Мен жалпыңыздарды ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси Евростандарт-5 боюнча иш алып баруу керек", — деди Жапаров.

Аталган форум облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларды түзүүгө да мүмкүндүк берери айтылды.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмендин өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости