www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Сокулук ГЭС-2нин ачылышына катышты

Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук ГЭС-2 ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров барып, иши менен таанышкан. Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды терең изилдеп, бул тармакка инвестиция тартуу боюнча максат койгонун белгилеген.

«Электр энергиясын кайра өндүрүү багытына техникаларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөө милдеттемеси алып салынды. Лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты. Бул чаралар "жашыл энергияны" өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенем», — деп билдирген Жапаров.

Ал ошондой эле мамлекеттин катышуусу жок, жеке инвесторлордун аракети менен бюджеттик жана донордук каражатты тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышы башка региондорго үлгү болорун белгилеген.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган. 2007-жылы жүргүзүлгөн изилдөө станциянын негизги электрдик-техникалык жабдуулары, гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланганын аныктаган. Буга байланыштуу аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

Сокулук ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусунда тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости