www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет мамлекет 150 миң бекер вакцина берсе алып келишпей, өздөрү коронавирус менен ооруган министрлер Казакбаев, Бейшеналиевдер. Орусияда болсо башкаларга үлгү көрсөтүү үчүн президенти вакцина алат экен. Бизде болсо президент вакцина албайт, министр Жапаров болсо ким вакцина албаса айлыгынан кармайм деп коркутат. Ал эми вакцина алгандарда деле оору болуп жатпайбы. Эгер вакцина алгандар оорубай калса бир жөн. Эмне үчүн президент Жапаров коронавируска каршы вакцина албайт? «Президент Садыр Нургожоевичте коронавируска каршы вакцина алуу зарылчылыгы жок» - деп билдирген «уу коргошун» министр Алымкадыр Бейшеналиев. Министр Руслан Казакбаевден COVID-19 диагнозу аныкталган. Эми санай берсе толтура министр Жапаров гана мурун алтынды мыкчып, жыттап жүрсө, эми акчаны мыкчып, жыттап коронавирус жуктура элек. Министр Бейшеналиев да коронавирус жуктуруп алып, өлөсөлүү болуп жүрүп араң айыкты. Ал элди карап минтип  божурайт: «Эгерде зарылчылык болсо, президентке эмдөөдөн өтүүнү сунуштайм. Биз президентти текшерип жатабыз, анда коронавируска каршы антителонун көрсөткүчү жакшы. Көрсөткүчү үчтөн төмөндөгөндө дароо эмдөөдөн өтүүнү сунуштайм», - деди Бейшеналиев.

Буга чейин Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдо коронавируска каршы антителосунун көрсөткүчү жогору экенине байланыштуу, эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы жок экенин билдирген. Жакында эле өлкөнүн канайымы Айгүл Жапарова эмдөөдөн өткөн. Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен чогуу коронавируска каршы вакцина алган. Булар орусиянын вакцинасын алышса керек.

Кытайдан коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы Кыргызстанга июль айынын экинчи жарымында  гана алып келинет. Анын айтымында, 150 миң доза вакцинаны алып келүү боюнча бардык сүйлөшүүлөр график боюнча ишке ашып, маселе чечилди. Март айында Кыргызстанга биринчи партия менен 150 миң доза Sinopharm гуманитардык жардам катары келип түшкөн. Майдын ортосунда Кытай анын экинчи партиясын жана дагы 150 миңди акысыз берери белгилүү болгон. Бирок министр акчанын жоктугунан бекер берилген препаратты алып келе албай жаткандыгын айткан эле. Ал эми майдын аягында бул маселенин чечилгени кабарланган. Демек жакында бекер вакциналар Кытайдан келет.

Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаевден COVID-19 диагнозу аныкталып, ошондуктан ал министрликке чакырылган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушкан эмес. Буга чейин министр Казакбаев иш сапары менен Азербайжанда экени айтылган. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган  Тышкы иштер министрлигине өжөрлөнүп барды. Булактардын маалыматы боюнча, элчи менен тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолугушкан. Министрликке элчинин чакырылышы Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан кармалып, Түркиянын аймагына жеткирилгени менен байланыштуу.

Орусия президенти Владимир Путин коронавирус тууралуу ар кимдин айтканына ишене бербей, адистерди угуу керек деген оюн айтты. Президенттин айтымында, вакцина алуунун зарылдыгы жок деген пикирдеги адамдар дайым болуп келген. Анын үстүнө массалык түрдө эмдөө болуп жатканда, эл эч нерседен коркпой турат. "Ошондой күндөрдүн биринде вирус кайра күч алып кетиши мүмкүн. Ошондо гана жарандар вакцина алууга ашыгып калышат. Вирус жана вакцина тууралуу эч нерсе түшүнбөгөн кишилердин айткандарын уга бербей, адистердин кеп-кеңешин угуу керек. Карап турсаң, чоң, акыл-эстүү, билимдүү кишилер эле вирус жок, өлкө президенттери сүйлөшүп алышкан деп айтышат. Бул акылга сыйбаган нерсе да", — деди Путин. Сөзүнүн аягында ал вакцинанын айрым учурда кыйыр таасири болгону менен коронавируска чалдыкканга караганда алда канча пайдалуу экенин кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин «Спутник V» вакцинасы менен эмделгенин ачыктады. «Мен «Спутник V» менен эмдөөдөн өтүүнү чечкем. Бизде Куралдуу күчтөр дагы ушул вакцина менен эмделип жатат, а мен башкы командачымын», - деди Путин. Анын айтымында, вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин эч нерсе сезген эмес. 4 сааттан кийин гана укол сайылган жерде кичине сезгенүү пайда болгон.

«Экинчи дозаны күндүз саат 12де алгам. Түнкү саат он экиде дене табымды текшердим, 37,2 болчу. Уктап турсам 36.6 экен. Бүттү», - деди Путин. Ушул кезге чейин Орусиянын президенти кайсы вакцина менен эмделгенин айткан эмес. Орусияда өндүрүлгөн вакцинаны тандаганын гана ачыктаган. Ал учурда Орусияда «Спутник V» жана «ЭпиВакКорона» вакциналары пайдаланып жаткан. Владимир Путин ушул жылы 23-мартта коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөн. Бирок эмдөө учурунда аны сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган.

Эмне үчүн Путин АКШнын вакцинасын тандаган жок? АКШнын Тамак-ашты жана дары-дармекти көзөмөлдөө башкармалыгы Johnson & Johnson вакцинасы менен Гийена-Барре синдрому деп аталган сейрек кездешүүчү неврологиялык илдеттин байланышы бар болушу мүмкүн экенин эскертти.

Ошол эле учурда билдирүүдө вакцина бул ооруну козгойбу же жокпу, так белгисиз экени айтылат. Мындай кадам аталган агенттик жүздөй киши тууралуу отчетторду карап чыккан соң жасалган. Алардын баарында Johnson & Johnson вакцинасын алгандан кийин неврологиялык синдром өөрчүп кеткени байкалган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылып, бир киши көз жумган. Катталгандардын көбү 50 жана андан жогору курактагы эркектер. Аларда вакцина алгандан кийин эки жумадан кийин неврологиялык илдеттин өөрчүшү байкалган.

Janssen компаниясы чыгарган вакцина менен 13 америкалык эмделген. Каражат башкалардан айырмаланып, бир эле доза менен сайылат жана аны сактоо кыйла жеңил. Буга чейин аталган вакцинага тромбдорду (кан тамырда уюган кан) пайда кылышы мүмкүн деген кооптонуудан улам бир жолу токтотулуп, кайра уруксат берилген. Ошондой эле аны чыгарган заводдогу санитардык шарттарга байланыштуу дагы бир ирет эскертүү жасалган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости