www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине жана Теңгиз Бөлтүрүккө «Кумтөр Голд Компани» ЖАКында тышты башкаруу учурунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу отчетту эки жума ичинде берүүнү тапшырды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, өткөн аптада Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барышкан.
Анда Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырган. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалганы белгилүү болгон.
Эске салсак, Министрлер кабинети 23-августта, «Кумтөр голд компани» компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, аны жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилгенин кабарлаган.
Бирок, буга карабастан Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.
Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалды.
Булак: NazarNews.kg