www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында Министрлер кабинети «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге ылайык, «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталды.

Белгилей кетсек, «Жеткиликтүү турак-жай 2015–2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси «Менин үйүм 2021–2026» турак-жай программасынын катышуучуларынын тизмесине киргизилген.

Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитүү жөнүндө Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы токтому

Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу, турак жайга төлөөгө жөндөмдүү суроо-талапты жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары –
Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби 3-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө жана толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;

2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат тапшырып турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015–2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасынын катышуучулары боюнча түзүлүүчү тизмеге кошула тургандыгы белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
5-августундагы № 560 «Арзан турак жай 2015–2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы № 501 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 537 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости