www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар «Алтынкен» кыргыз-кытай ишканасына барышты

Ушул аптада депутаттык комиссия Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан «Алтынкен» кыргыз-кытай ишканасында болуп, анын иши менен жеринен таанышышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Алтынкен» ЖЧКсы 2015-жылы Кытай мамлекети менен биргеликте түзүлгөн, Кыргызстан анын 40 пайыз акциясына ээлик кылат. Ишканада жалпысынан 1077 адам иш менен камсыз болсо, алардын 94 пайызы Кыргызстандын жарандары. Жыл башынан бери ишкана 2188 тонна алтын өндүргөн. Бир жылда социалдык төгүмдүн көлөмү 2,51 миллиард сомду түзгөн. Анын ичинде салыктар 1,87 млрд сомду түзүп, эмгек акы жана социалдык колдоого 380 млн сом чегерилген. Кемин районунун коомдук фонддорун түзүүгө 177 млн ​​сом, кошумча материалдык жардам көрсөтүүгө 1,23 млн сом которулган. Ишкана буга чейин жергиликтүү калк үчүн 1800дөн ашуун жумуш орундарын түзүп берген.

«Депутаттык комиссия айрыкча уу калдыктарды сактоочу жайга көңүл бурушуп, экологиялык зыяндар жокпу деген суроону коюшту. Комиссиянын төрагасы Замирбек Эсенаманов кыргыз-кытай «Алтынкен» ишканасы Кыргызстанда кен иштеткен башка ишканаларга караганда бир топ артыкчылыктары бар экенин белгиледи.

Депутат Каныбек Иманалиев азык-түлүктүн баасы кымбаттаганына байланыштуу кызматчылардын эмгек акысы көтөрүлөбү деген суроону узатты. Эл өкүлдөрү Самат Ибраев, Закир Шарапов экологиялык зыяндар болбошу үчүн суунун тазалыгын тастыктоочу аппарат онлайн түрүндө иштеп турсун деген сунуштарын беришти. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү «Алтынкен» ЖЧКсынын иши мындан ары дагы терең иликтенээрин белгилешти.

Ишкананын жетекчилери «Алтынкендин» ишин мындан дагы жакшыртып, кыргыз экономикасына салымдын көлөмүн мындан ары дагы көбөйтүү ниеттери бар экендигин билдиришти», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости