www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дастан агай, коронавирустан коргонууга кандай кеңештериңиз бар? Элдик жол менен вирусту кантип жеңсе болот?

- Азыр азык-түлүктүн баары жел болуп калды. Иммунитет жокко эсе. Тамактар жасалма. Булар адамга күч бербейт. Чоң шаарларда жашаган адамдар коронавируска жеңил олжо болуп жатат. Эң түпкү себеби – өпкөнүн начар болушу. Өпкөнүн үч бөлүгү болот: үстүңкү, ортоңку, төмөнкү. Азыр жер жүзүндө 7,5 миллиард адам бар. Ошонун 4 миллиарды гепоксия шартында жашайт. Башкача айтканда, аларга кычкылтек жетпейт. Аба булганган. Абанын өзүндө кычкылтек аз, уулуу заттар көп. Автоунаалардын түтүнү, жылуулук жагылгандан кийинки зыяндуу заттар. Айланада теректер жок. Жашыл өсүмдүктөр жетишсиз.

Кычкылтек, анан кыймыл аз. Өпкөнүн төмөн жагы менен орто жагы жараксыз болуп калат. Вирус өпкөгө түшсө эле дарт күчөйт. Себеби, өпкө алсыз болуп калган. Ошондон жабыркоо күчөп кетти. Адамдар негизинен өпкөнүн үстү менен гана дем алат. Адамга 2- 2,5 литр аба керек болсо, өпкөнүн үстү менен дем алганда 1 литр гана аба кирет. Бир литр аба дене мүчөлөрүнүн баарына жетишсиз.

Демек, кычкылтек жетпегенден кийин ал жерде зат алмашуу болбойт. Ал жерде бөйрөк болобу, жүрөк болобу, жабыркатат. Кычкылтек жетпей, зат алмашуу болбогондон кийин кан коюлайт. Кан коюлгандан кийин вирус өпкөгө ылдый түшүп кетсе, тромб пайда болуп, акыры өлүмгө жеткирет. Ошон үчүн баарыбыз абанын таза болушу үчүн күрөшүшүбүз керек.

Мисалы, Амеркада эле канча адам вирустун курмандыгы болду. Ал жакта өнөр жай өтө өнүккөн. Аба булганган. 30% эл ашык салмак менен жүрөт. Кыймыл жок. Тамактын баары химикат. Ага дем алган абалары да себепкер. Бизде деле кыш күндөрү аба өтө булганган убактар болуп жатпайбы.

- Илдетти күчөтпөй коюунун жолдору барбы?

- Коронавируска каршы туруу үчүн кыймыл керек. Адам көбүрөөк кыймыл жасабаса, өпкө үстүртөн гана иштеп, ошого көнүп калат дагы, ортосу, төмөн жагы жабыркап, иштен чыгып калат. Вируска адам тез чара көрүшү зарыл. Дене табы көтөрүлгөнүн байкадыбы, дароо аракетин баштаган оң. Кайнаган сууга бир-эки кашык сода салып, ошого дем алыш керек. Вирус алгач мурдуңа, таңдайыңа түшөт. Ошол жерден тамырлай баштайт. Ошону содага дем алуу өлтүрөт. Экинчи жолу арак буусуна дем алыш керек. Аракты дакиге (марля) чачып, ошол дакини мурунга такап дем алсаң, ал дагы вирусту өлтүрөт. Бул текшерилген талашсыз ыкма. Биринчи, экинчи, үчүнчү күнү чара көрүп калсаңар, жеңил өтүп, буттан туруп кетсе болот. Вирус улгайып калган адамдарга коркунучтуу. Аларда кыймыл аз, өнөкөт оорулар көп. Адамдар вирустан өлбөй, өнөкөт оорудан өлүп калышууда.

Учурда вирустун улам жаңы штаммдары чыгып, мутацияланып жатат. Медицина тез арада изилдөөгө алсыз болуп турат. Мунун бир гана жолу – таза аба, кыймыл жана 20-30 мүнөттүк физикалык көнүгүүлөр. Мындай учурда вирус жукса дагы адам көтөрүп кетет. Жакшы тамактануу зарыл. Мисалы, мен супермаркеттерден бир дагы тамак албайм. Алардын пайдасынан зыяны көп. Ата-бабадан калган табигый азык-түлүккө өтүү керек. Жупка, сары май, куурдак, кыргыздын дары чөптөрү абдан көп.

Булак: Азия News гезити

Последние новости