www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфиринде кетип, бирок сый акысын албай калган авторлор жана аткаруучуларды аталган мекеме менен  байланышып коюуну өтүндү.

Маалыматта былтыр чогултулган каражат быйыл апрель айынан тарта берилип келе жатканы айтылат. Учурда "Гиперграф" автоматташтырылган программасы аркылуу 775 автор, аткаруучу жана укук ээлерине 7 365 793 сом сый акы которулган.

Чыгармачыл адамдар менен байланышууга мүмкүн болбой жаткандыктан сый акылар бөлүштүрүлбөй тургандыгын айтып, бул тизмеден өзүн тапкандарды Кыргызпатентке кайрылууну суранышты.

Автордук сый акыны алуу үчүн талап кылынган документтер:

Чыгармаларды каттап, укуктарды башкарууну берүү тууралуу келишим түзүү керек;

Автордун же аткаруучунун каттоо барагын толтуруу зарыл;

Паспорттун көчүрмөсү;

Банктан эсеп ачып, анын дарегин Кыргызпатенттин кызматкерлерине тапшыруу шарт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости