www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө канчалаган адам укуктары тебеленип, адилетсиздик, мыйзамсыздык жоруктар кайталанып аткан чакта, омбудсмен Токон Мамытов сүткө тойгон күчүктөй “кайф” кармап, камырабай жеке жашоосу менен алек. Ушундай чалдан көрө, жаш, прогрессивдүү кадр болгондо, адам укугунун сакталышы өзгөрмөк да.
Эх, кайран гана корогон сөздөр! Акылга сыйбаган куугунтуктардын негизинде канчалаган саясатчылар камалып жатышат. Алар боюнча тыңгылыктуу колдоосун көрсөтпөгөн акыйкатчынын кимге кереги бар? Күч органдарынын, соттордун ыплас аракеттеринен, чечимдеринен көпчүлүк жабыркап келгени көнүмүшкө айланды.
Таң каласың. Омбудсмен Токон Мамытов бир ооз ачып, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп койдубу? Ушунча да кайдыгерби? Сыягы, бул бийликтин жагымпозуна айланып, чындыктан качып, жанын баккан бир жандын образын чагылдырууда. Тирүүлүктөгү намысы жайраса, андан аркысын элестетип не?..
Булак: Азия News гезити