www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер коштогон гей парад

Сербия өлкөсү, Белград шаарында, 16-сентябрь күнү кумса, лесбиян, трансгендер, бисексуал активисттердин парады болуп өттү. Парадга өлкөнүн премьер-министри жана борбордун мэри да катышты. Иш-чара полициянын көзөмөлүндө жүрдү.

Сербиянын алгачкы аял премьер-министри Ана Брнабич өзүнүн лесбиян экенин ачык жарыялаган саясатчы. Ал Сербия борборунда соңку кездери жыл сайын өткөрүлүп келаткан гей парадга катышат. Былтыр дагы эки-үч министри менен кошулуп келишкен.

Акцияга каршы Белградда отуздай киши нааразылык билдирип чыгышты. Демонстранттар арасында православ диниятчылар да жүрүштү.

ЛГБТ активисттердин айтымында, Сербияда аларга карата терс көз караш кеңири жайылган. Андыктан, гей параддын уюштуруучулары ЛГБТ жамааттын укуктарына байланышкан талаптарды күн тартибине чыгарышты. 

Кошумчалай кетсек, мындай параддар 50дөн ашык өлкөдө өткөрүлүп келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости