www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-сентябрдагы видеоселектордук жыйында Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов мусулмандардын укугу бузулуп жатат деп президентке даттанган ташкенттик имам Фазлиддин Парпиевдин аракеттерин сынга алды.

Аталган жыйын маалында жаздырып алынгандыгы айтылган аудиожазууда Усманхан Алимовдукуна окшогон үн өзбек имамдарынын арасында эки жүздүүлөр бар экенин айткан. «Эки жүздүү имам, башыңа балээ үйүп ала электе өзүңө кел. Кеч боло электе биздин катарыбыздан кет. Биздин арабызда болуп, сен имамдарды жана биздин башкармалыкты шылдыңдап жатасың. Бул жакшы нерсеге алып барбайт», — деген ал.

Ошол эле жыйында буга чейин социалдык түйүндөр аркылуу каршы пикирин билдирген адамдарды пахта теримге жөнөтүү керектигин айткан ташкенттик мечиттердин биринин имамы Рахматулло Сайфутдиновдун дагы үнү жаздырып алынган.

«Жөнөкөй сөз менен айтканда, имам Парпиев ага жүктөлгөн ишке чыдабай койду. Ал имам-хатиб кызматына дайындалганына бир ай боло электе эле бардык имамдардын атынан сүйлөп ката кетирди», —деген ал.

Сентябрдын башында жума намазы маалында Ташкенттеги мечиттердин биринин 32 жаштагы имам-хатиби Фазлиддин Парпиев укук коргоо кызматкерлерин сакал койгон эркектер менен хажиб кийген аялдарга басым жасап жатат деп айыптап, жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздап берүү өтүнүчү менен президентке видеокайрылуу жасаган.

Видеосу интернетке жарыялангандан кийин ал өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынан басым болуп, алар айткан сөздөрү үчүн эл алдында өкүнүчүн билдирүүсүн талап кылып жатканын айтып чыккан.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости