www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары, медицина илимдеринин доктору Улан Мусаев.

Жарандардын  дени сак болсо – бүтүндөй өлкөнүн жетишкендиги ошо. Бул жагдай, албетте, биринчи кезекте мамлекеттин экономикалык деңгээли менен байланыштуу болсо, ошол эле мезгилде, медицина тармагында кандай адамдар эмгектенип жатканы менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгилешибиз керек. Анткен менен “акыл оошот, ырыс жугушат” дейт. Улуттук менталитетинде сергектиктин, жаңы нерсени тез кабыл алуучулуктун, не бир кыйын учурда биргелешип жол издеген ынтымактуулуктун асыл өзгөчөлүгүн сактап жүргөн тоолук кыргыз элибиздин врачтары да прогрессчил кесиптештеринен кем калышпай, технология жана инновацияларды колдонуу менен үйрөнчү нерсени үйрөнүп, өз чама-чарктарына жараша Борбордук Азияда алдыңкы катарда баратышканы кубандырбай койбойт. Муну, алыс барбай эле ордо калаабыздагы №1 клиникалык оорукананын хирургдарынын мисалында айтсак болот. Калк саламаттыгынын кадырын билген, эл-жерин сүйгөн мекенчил инсанды жазбай тааныш да оңой эмес. А бирок көптүн көзү көрөгоч эмеспи. Дегеним, элдин алкыш-батасына арзыган,  колу жеңил хирург, медицина илимдеринин доктору, Бишкек шаардык №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Улан Мусаев тууралуу жылуу сөздөрдү мурда-кийин көп угуп жүргөн элек.

Журналисттик кесипке байланыштуу өз ишин мыкты билген бул инсан менен да таанышууга туура келип отурат. Ошентип кыргыз медицинасында өзүнө тиешелүү бекем орду бар, эли үчүн эң керектүү кесипти аркалаган, эмгегинен баар тапкан, адамдын өмүр сакчылыгында даяр турган Улан Мусаев менен болгон маекти сиздерге сунуштайбыз.

-Улан Салтанатович, маегибизди бүгүнкү күндөгү оорукананын урунттуу маселелеринен баштасак. Сиз иштеген оорукананын олуттуу көйгөйү кайсында деп ойлойсуз?

-Өзүңүздөр билесиздер, жыл өткөн сайын оору жашарып, түрү да  көбөйүп, ооруканага түшкөн жарандарыбыздын саны арбып барат. Мисалы, биздин оорукана №1 деп аты айтып тургандай, тээ союз учурунда эң алгачкылардан болуп салынып, 330 койкага ылайыкталган. Учурда биздин оорукананы “тез жардам” деп коет, курч абалдагы ооруларды кабыл алабыз. Алсак, хирургиялык негизде жумасына эки жолу кабыл алабыз: дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү саат 15.00дөн эртең мененки саат 8.00гө чейин. Терапия боюнча өпкө оорулары, пневмания, кант диабети боюнча жумасына төрт жолу кабыл алабыз, врачтарыбыз күнү-түнү дебей күзөттө турушат. Ошол эле мезгилде кардиология боюнча боюнча, жалпыга маалым, инфаркт – стенокардия оорусу абдан көбөйдү. Жумасына эки жолу, шаршемби жана ишемби күндөрү, анан инсульт оорулары боюнча эки күн күзөттө турабыз. Биздеги эң эле орчундуу көйгөй, орун маселеси. Мен жогоруда айтып кеткендей, ар бир бөлүмдөр 40 орундан турат. Бул нөөмөттө турганда эле “тез жардам” аркылуу бир түндө 15, 20-30 чактыдай оорулуулар келип түшөт. Ошонун негизинде орун тартыш болуп, кээ бир учурда жарандарыбыз ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгат. Себеби орун жетпей калат да коридорго жатып калган учур болуп, баары эле жаткыз деген шартты коюшат. Биз эң оор абалдагы кимге тез жардам көрсөтүш керек, ошону алып калып, ал эми пландуу түрдө жата тургандарды көрүп, дары-дармегин берип, үйүнө жөнөтөбүз. Ушул жагдайда оорулуунун туугандары менен түшүнбөстүктөр болуп кетет. Ошондуктан биздин ооруканада орун маселеси курч бойдон турат.

-Сөзүңүзгө аралжы, сиздердин ооруканага альвекоккоз жана эхинококкоз оорусу боюнча дагы жарандарыбыз кайрылары белгилүү. Адистер бул дарт жыл өткөн сайын көбөйүп баратканын тынчсыздануу менен байма-бай билдирип келишет. Ушул боюнча айта кетсеңиз, Улан Салтанатович?

-Жакшы суроо экен. КР Саламаттык сактоо министрлигинин 1992-жылдагы буйругу менен биздин оорукана альвекоккоз жана эхинококкоз оорусу боюнча борбор деп аталат. Жашырганда не, боор оорусуна кирген   альвекоккоз жана эхинококкоз оорусу Кыргызстанда өсүүдө. Мурда бул дарт жокко эсе болчу, азыр көбөйдү. Мына жылына республика боюнча 320-340 адам ушул оорулар менен жаткырылып операция жасалса,  анын ичинен 70-80 бейтапка альвекоккоз боюнча операция жасалат. Эхинококкоз ыйлаакча болсо, альвекоккоз рак сымал шишик болуп боордо өсот. Альвекоккоз эхинококкозго караганда оор форма, ага операция жасоо абдан оор өтөт. Ал байкалбаган оору, ошондуктан бейтаптар көбүнчө кеч кайрылып калышат. Тагыраак айтканда, башка оорудан улам компьютердик диагностика, УЗИден өтүп жатканда аныкталат. Мында мите боордун клеткаларына тийбестен, кан тамырларды жеп кирет. Эң эле коркунучтуусу илдет кан тамырлардын түтүктөрүнө чейин жеткени болуп эсептелет. Кээде боордун үчтөн экисин, жарымын алууга, алтургай ачып, кайра жаап салууга туура келет.

- Альвекоккоз жана эхинококкоз оорусу республикабыздын кайсы аймактарында көп кездешүүдө?

 - 1990-жылы альвекоккоз жана эхинококкоз оорусу боюнча гиперэндемикалык зона кайсы деп изилденгенде Кыргызстандын Нарын областынын Ат-Башы району, Ысык-Көл областынын Тоң району, Ош областынын Алай району, Жалал-Абад областынын Токтогул району аныкталган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизге бүт чоң шаар, бүт райондордон келишүүдө. Бул эмненин белгиси? Демек, бул ошол оорунун булагы ар бир айылдарда бар дегендик. Оору кайдан, эмне менен жугат деген суроо туулат? Жергебиз тоолуу аймак болуп, тоо-таш, жайлообузду карышкыр, түлкү, суур аралап жүрөт, алардан малга жугат. Ал эми айыл жергесинде мал чарбачылык менен тиричилик өткөзүшөрү айтпасак да түшүнүктүү. Өкүнүчтүүсү, альвекоккоз менен эхинококкоз оорусуна чалдыккандардын басымдуусу – эмгекке жарамдуулар...  

-Баарынан ден соолук кымбат. Жогоруда аталган ооруга кабылбоо үчүн кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз?

-Башкысы, ар бир жаран жеке гигиенаны катуу сактап, бала-бакыра көчөгө чыгып келгенде, тамактанар алдында колду самындап жууп турууну адатка айландырса эле мындай  ооруга чалдыкпайт. Анан дагы, баса айта кетчү нерсе, өзүбүздүн ден солугубуз үчүн жылына эки жолу ички органдарды текшертип, УЗИден өтүп турсак, аябай жакшы болмок. Анткени канчалык оору эрте аныкталса, ошончолук хирургиялык кийлигишүүсүз эле дары-дармектин күчү менен айыктыруу мүмкүнчүлүгү чоң.

-Улан Салтанатович, сиз колунда жок, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдашып, алардын бала-чакасын бекер операция жасап, дарылап келериңизди угуп-көрүп жүрөбүз. Мындай тагдырлар сиздин ишиңизде дайым эле кездешеби?

-Албетте. Гиппократтын антын бергенден кийин колунда жокпу-барбы адам өмүрүнүн сакчылыгында туруу биздин милдет. Аз камсыз болгондорго, жакыр жашагандарга  эч кандай шарт койбостон колдон келишинче бекер дарылап, айыктырууга аракет кылабыз. Мындан сырткары ооруканаларда мамлекеттик төлөм (сооплата) деген болот, ошону төлөй албаган, каражаты жоктор кездешет, алар тийиштүү органдардан справкаларын алып келсе, сооплатадан да бошотулат.

-Врачтар абалыңды суроодон мурда чөнтөгүңдү карап, акча сурайт деген дооматтарды угуп жүрөбүз...

-Ооба, коомчулукта ушундай кеп-сөздөр айтылып келет. Бирок биздин ооруканада баланча врач, түкүнчө хирург акча сурады деп ачык айтып, кайрылган бейтаптар боло элек. Балким, ыраазычылык билдиргендер болот чыгар, ал бейтаптын өз эрки, өз иши да.

-Улан Салтанатович, алдыда кандай максат-тилектер бар?

-Ар бир жылы эки жолудан тоолуу райондорго барып, жарандарыбызды заманбап медициналык аппараттар менен текшерүүдөн өткөзүп турсак деген ой-максаттар бар. Бул максатыбызды жетекчилик да жактырып, туура көрүп, макулдугун беришкен.   Эми ошону ишке ашыруу алдында турабыз. Октябрь айында Ак-Суу районуна үч күнгө барып, жашоочулардын өпкө, боор, жүрөк, дегеле бүтүндөй ички органдарын бекер медициналык кароодон өткөзүп келүүгө ниеттенүүдөбүз. Биринчиден, бул ооруну өз убагында аныктоого жардам берсе, экинчиден жолдун алыстыгынан, акча каражатынын тартыштыгынан борбор шаарыбызга келе албагандарга чоң мүмкүнчүлүк.   

-Хирургдун кесиби ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү. Чарчаганыңызды кантип жазасыз?

-Ырас, адам өмүрү кыл учунда турганда аны сактап калуу үчүн болгон аракетиңди жумшайсың. Айрым оор операциялар 5-6 саатка созулуп кетет. Анан чарчайсың дегендей. Жумуштан кийин балдарым, тели-теңтуштар менен шахмат ойногонду, сууга тушкөндү жакшы көрөм, үй-бүлөм болуп жаратылыш койнунда, таза абада сейилдегенди жактырабыз.

-Улан Салтанатович, убактыңыздын тардыгына карабай, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чон рахмат. Улукман-Ата колдоп, ишиңизди ийгилик ыроолосун!

Акун кызы Динара

Булак: “Ачык саясат+”

Последние новости