www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик: 2500 бейтап гемодиализ алууда, тармакта көйгөй жок

Кыргызстанда 2500 бейтап мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө гемодиализге мурдагыдай айлап, жылдап кезек күтмөй жок.

"Бейтап керектүү кагаздарын көрсөтсө эле бир жуманын ичинде базага киргизип жатабыз. Учурда бул тармактагы көйгөйдү 100 пайыз чечтик десек жаңылышпайм", — деди Мамадалиев.

Ошондой эле республикада бөйрөгүн жана боорун алмаштырып келген 400дөн ашуун оорулуу бар экени, алардын трансплантациядан кийин иче турган дары-дармеги мамлекет тарабынан бекер камсыздандырылып жатканы кошумчаланды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, 2021-жылы мамлекеттин гемодиализ базасында 1 833 бейтап каттоодо турса, 2022-жылы 2 202 адам катталган. Фонд Кыргызстанда жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйүп жатканын эскертип, аны алдын алуу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуну сунуштаган.

Последние новости