www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын миллиондогон жарандары чет элде иштеп жүрүшөт. Ошондуктан миграция кызматын министрликке айлантуу керек. Мындай ойду Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов айтып чыкты.
"Азыр Тышкы иштер министрлиги бул кызматты өз карамагына алганы жаткандыгы тууралуу сөздөр чыгып жатат. Буга чейин эле эталган кызмат алардын карамагына өтүп, бирок эч кандай натыйжа берген эмес. Миграция кызматы министрлик болуш керек" деди У.Ормонов.
Аталган кызмат 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматы болуп түзүлүп, иш жүргүзүп келе жатат. Эгер эл өкүлүнүн ою ишке ашып Миграция министрлиги түзүлсө чет элде жүргөн мекендештерибизге жеңилдик болобу же баягы эле кызматтык штаттар көбөйүп, чыгым арткандан башка өзгөрүү болбой кала береби? Аны убакыт көрсөтөт, деп "Жаңы Ордо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg