www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жардандар жаткан "Ганси" авиабазасындагы обсервациядагы абал тууралуу айтып берген жаран "Коронавирус чыккан аял ыйлап, "барбайм" деп олтуруп алса, анын ордуна тизмеде жок оорубаган адамды эле алып кетип калышты",- деп маалымат берген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчы Жылдыз Айгерчинова жогорудагы маалымат чындыкка дал келбестигин айтып төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Ганси" авибазасында жайгашкан обсервациядан бүгүнкү күндө жалпы 101 адамдан коронавирус аныкталды. Обсервацияда жаткандардын баарынан ПЦР анализи алынып жатат, ошол анализ кайсыл жарандан коронавирусту аныктаса ошол жарандар гана бейтапканага жаткырылууда. Ал эми ооруган адамдын ордуна анализи таза чыккан адамды алып кетти деген бул чындыкка дал келбейт. Оорубаган адам кантип эле ооруган адамдын ордуна бейтапканага өз макулдугу менен бармак эле. Аларды орду менен алмаштырып койгондой алар буюм эмес да.
Азыркы тапта биздин медициналык кызматкерлер оорунун жайылуусун алдын алуу боюнча күнү-түнү дебей иштеп, өз жандарын тобокелдикке салып жатышат. Жарандарды бардык нерсени түшүнүү менен кабыл алып, коюлуп жаткан чектөөлөргө баш ийип эрежелерди так сактоого чакырат элем", - деп билдирди басма сөз катчы.
Булак: NazarNews.org