www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектептерге ата-энелерден акча чогулткандарга 20 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана укуктук актыларды экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов бүгүн, 4-апрелде брифингде билдирди.
"Мектеп жетекчилери, педагогдор, коомдук фонддор жана коммерциялык уюмдар тарабынан мыйзамсыз акча жыйноо же окуучулар менен ата-энелерине моралдык-психикалык басым жасоо учурлары каралууда. Педагогдор акча бербеген окуучулар менен ата-энелерди басынткан окуялар көп кездешет", — деди Ибрагимов.
Ал эми министрликтин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева төмөнкүлөрдү айтты:
соцтармак колдонуучулары кээ бир мугалимдер сабак учурунда акча чогултуп жатканын айтууда;
тыюу мугалимдер менен директорлорго эле эмес, коммерциялык уюмдарга, коомдук фонддорго, ата-энелер комитеттерине да тиешелүү;
акча чогултуулар тек гана ыктыярдуу болушу керек, "ыктыярдуу мажбурлоо" түрүндө эмес;
Эмгек кодексине ылайык, психологиялык басым кылган жана саламаттыгына зыян келтирген мугалимдер берене менен жумуштан алынат;
эгер акча алып келбегени үчүн окуучуну сабактан чыгарып койгон сыяктуу учур катталса, ата-энелери укук коргоо органдарына арыз жазышы шарт.