www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Транспорт комитетинин 4-апрелдеги жыйынына АРИСтин директору Марс Наспеков катышып жатат. Анын жүрүшүндө депутат Алишер Козуев («Ата Журт - Кыргызстан») АРИСте канча адам эмгектенип жатканын сурады.
Директордун маалыматы боюнча, учурда 330 адам эмгектенет. Бирок кырдаал долбоорлорго байланыштуу түзүлгөндүктөн штат бекитилген эмес.
«АРИСтеги эң төмөнкү жана эң жогорку эмгек акыны айтыңызчы», - деп сурады депутат.
Марс Наспеков: «110 000 сом жана 40 000 сом», - деп жооп берди.
Депутат: «АРИС жеке компания эместигин баары түшүнүшү керек. Бардык долбоорлор насыянын эсебинен ишке ашырылат», - деп белгиледи.
«Биз — аткаруучу органбыз. Түзүүчүлөрдө Президенттин администрациясы караган мамлекеттин үлүшү бар», - деп жооп кайтарды.
Булак: NazarNews.kg