www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Абдырахманов: "Мындай Азаттыктан пайда жок, жапса жабыш керек…" дейт. Мына сага! Ушундай хамелеон болот экен.
Демократиялык баалуулуктарды айтса, оозунан ак көбүк акчу Өмүрбек Абдырахмановду "Азаттыкты жабыш керек" деп кайсы кара теке сүздү? Таң калгандар арбын.
Көрсө, "Азаттык" Сталин тууралуу жакшы пикирди айтып коюптур, бул демократиялык баалуулуктарга төп келбейт имиш. Кызыгы, дал ушундай логиканы айткан Өмүрбек аксакалдын оюна таянсак "Азаттык" жабылса демократия Кыргызстанда гүлдөйт көрүнөт.
Карыганда фейк-троллдор ураалаган ураан менен кокуйлаган пастыкка Өмүрбек аксакал кантип жетти экен? Акылы мокой баштаган окшойт.
Эмесе Абдырахмановдун Фейсбук баракчасына катасы какачтай көп жазганына көңүл буралы. Текст өзгөртүүсүз берилет:
"Кечээ кечке маал Бишкектен Кеминге келе жатып 98.10 FMден дүйнөлүк жаңылыктарды орус тилинде угуп келатсам, "Азаттык" сүйлөп калды…
"Азаттыктын" Бурулкан деген журналисти Сталиндик репрессиялар жөнүндө 25 минуталык баян уюштуруптур. Аны келгиче 2 жолу кайталап беришти…
Бул журналисттин жана интервью берген илимпоздун айтуусунда Сталин репрессияларга күнөөсү жок экен. Сталин жер-жерлердеги репрессияларды билген эмес экен. Таластагы эле көрө албагандар арыз жазып партиянын 1- секретарын 1950-жылдары соттотуп жиберишиптир… Сталинге кирген Шолохов деген жазуучу репрессиядан аман калган экен. "Азаттыктын" пикиринде Сталин мыкты жана калыс болгон, а репрессияны жер-жерлердеги жаман чиновниктер жасаган…
"Азаттыктын" Уставында бир эле талап бар: «Демократиялык баалуулуктарды пропаганда кылуу».
"Азаттыктын" түшпөс ханышасы Жуматаева Венера жана башка журналисттери демократиялык баалуулук деген эмне экенин түшүнүшпөйт. Ошон үчүн коммунисттерди макташат. Баскынчы орус армиясынын 23-февраль күнүн майрамдашат…
Кыргызстанда эле 30 миңден ашык кыргыздын мыктыларын камаган жана аттырткан Сталин түзгөн коммунисттик-тоталитардык системаны коргошот … Булардын оюнда репрессияны айылдагы эле арызчылар уюштуруптур…
Чоң-Ташта атылган кыргыз элинин мыктылары он миңдеген репрессия болгондордун бир эле эпизоду.
Демократия менен коммунисттик система адамзат коомунун эки башка кошулбас каршы системасы. Советтик идеологиядан башканы билбеген "Азаттыктын" журналисттери Америка эли берген айлыгын да акташпайт. Маалымат жана журналисттик иликтөөдөн башка демократия үчүн эч нерсе жасашкан жок.
Ушул себептен "Азаттыкты" жаап койсо деле болчудай, булардын оңолоор кейпи жок…" - деп аябай каңырык түтөтүп зээни кейиген.
Тобоо, ушундай дагы оомо, эки жүздүү болобу? "Азаттык" Советтик бийликтин жакшы жагын көрбөй, жамандап гана турушу керек тура. Жакшы жагын жазса, тотолитардык режимди колдогон бузуку аталып, демократиялык баалуулуктарга кошкон зор салымы унутулуп, жабылыш керек экен бул демократтын чапанын жамынган аксакалга.
Булак: NazarNews.kg